12:55, 21 июля 2017, 24.kg

9-кабаттан кулаган жумушчунун абалы жакшы

19-июль күнү Бишкек шаарынын Тыналиев -20 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулаган жумушчунун абалы жакшы. Бул тууралуу травматология жана ортопедия борборунан маалымдашты.

Даарыгерлер, 20 жаштагы К.А.нын абалы турукташып, реанимациядан палатага которулганын билдиришти.

«Кабыргалары сынып, өпкөсү тешилген. Өпкөсүнө түтүк койдук. Операция деле талап кылынган жок. Бир жумадан кийин чыгып калышы мүмкүн» - дешти.

Эскерте кетсек, 9-кабаттан кулагандардын дагы бирөө, 1983-жылы туулган Нурбек Аманкулов жайында мерт кетти. Анын артында эки уулу калды. Курулуш «Мерибелл ИНШААТ» компаниясына тиешелүү. Мамлекеттик техникалык инспекция комиссия түзүп текшерүү жүргүзүүдө. 

 

Views
197
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18