16:21, 20 июля 2017, 24.kg

Ош шаары «Ден сак шаар» программасына кошулат

Ош шаары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун «Ден сак шаар» программасына кошулат. 

Маалымат кызматынын билдирүүсүндө, каала мэриясы акыркы үч жылда медицина тармагында эмгектенген орто жана кенже кызматкерлердин коммуналдык төлөмдөрүнө, оорууканалардын техникалык базасын жаңылоого жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүп келе жатат.

Шаар бийлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ден соолуктуу шаар программасына кошулуу менен саламаттык сактоодогу айрым көйгөйлөр чечилерине үмүт артат. 

Аталган программа 30 жылдан бери иштеп келе жатат. Ага былтыры Алма-Ата шаары кошулган. Программанын негизги максаты - ар бир жаранга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен, дени сак мамлекетти куруу.

Views
167
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18