12:09, 20 июля 2017, 24.kg

Жаныбек Турдиев: Казакстан Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат

«Казакстан Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат» — деп билдирди «24.kg» агентигине жаш активисттер.

Алар Казакстандын «Қала мен дала» аттуу гезитинде Кыргызстандагы шайлооо тууралуу макала басылгандыгын кабарлап, ага нараазычлыгын айтышууда.

Жаш активист Жаныбек Турдиевдин пикиринде, ал макалада Темир Сариев Кыргызстандын келерки президенти катары көрсөтүлгөн. Анын айтымында, коңшулар эл аралык нормаларды жана ички мыйзамдарды бузуп, ички саясатка аралашып, өздөрүнө ыңгайлуу талапкерди таңуулап жатышат.

Жаныбек Турдиев Астана Темир Сариевге колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилейт. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына бул макала боюнча арыз менен кайрылмакчы.

Photo 37967

Темир Сариевдин штабынан казак гезитиндеги макала жөнүндө эч нерсе билбестигин айтышты.

Views
169
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18