Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
09:56, 20 июля 2017, 24.kg

Прокурордун жардамчысы мас абалында жол кырсыгына кабылып, бир кыз мерт кетти

Прокурордун жардамчысы мас абалында жол кырсыгына кабылып, бир кыз мерт кетти. Бул тууралуу «24.kg» агентигине укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматты Башкы прокуратура дагы ырастады.

Биринчи май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев 19-июль күнү Ысык-Көлдөн келе жатып, «Тойота» унаасы менен «Хонду Стрим» автомобилин сүзүп алды. «Хонданын» рулундагы кыз жайында мерт кетти.

Жол кырсыгы болгон жерге келген тартип сакчылары Данияр Сейталиевдин машинасынан токтотулган 25 кылмыш иши боюнча документтерди табышкан. Мыйзам боюнча кылмыш иштери прокуратуранын канцелериясында сакталышы керек.

Прокурордун жардамчысы бир айга камалды.

 
Views
191
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18