Анара МАМЫТОВА
17:39, 19 июля 2017, 24.kg

Мектеп окуучуларын сүзүп кеткен айдоочу сегиз жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн Ленин райондук соту мектеп окуучуларын сүзүп кеткен Мирлан Ажибековду сегиз жылга эркинен ажыратты. Андан сырткары, ага үч жылга рулга олтурууга тыюу салынды.

Сотто прокурор айдоочуга 9 жыл сурады. Жактоочулар жумшартуучу абалды эске алууну сунушташты.

Эскерте кетсек, 21-апрелде Бакаев жана Ремесленный көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон өтүп бара жаткан 3-класстын окуучуларын жеңил ууна сүзүп, качып кеткен. Айдоочу кечинде табылган. Балдар оор жаракат менен оорууканага жеткирилип бир нече күндөн кийин гана өзүнө келишкен.

Кечээ сотто балдардын ата-энелери Мирлан Ажыбековду айыптоодон баш тартышкан. Алардын жактоочусу Токтосун Шарабидиновдун билдирүүсүндө, ата-энелер материалдык-моралдык компенсация алып, элдешишкен.

Views
280
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18