10:09, 19 июля 2017, 24.kg

«Көк кит» менен коомчулукту коркуткан «өлүм тобунун» жетекчиси үч жылга кесилди

«Көк кит» менен коомчулукту коркуткан «өлүм тобунун» жетекчиси үч жылга кесилди. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары билдирет.

«ВКонтакте» социалдык тармагында түзүлгөн «өлүм тобунун» жетекчиси Филипп Будейкинге каршы 2016-жылдын 20-майында кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, ал 2015–2016 -жылдарда социалдык тармак аркылуу жашы жете электерди өз өмүрүнө кол салууга түрткөн. Бур мезгилде Россияда аталган топко кирген 130 өспүрүм суицидке барган.

Сотто Филипп Будейкинди Астрахандагы 15 жаштагы кыздын өлүмүнө башкы себепкер болгондугу далилденди. Андан сырткары, Тюмень облусундагы өспүрүм кызды дагы өлүмгө түрткөндүгү ырасталды. Ал кыздын өмүрүн даарыгерлер сактап калышкан.

Кыргызстанда дагы «өлүм тобу» өспүрүмдөр арасында кеңири жайылып, анын айынан бир бала өмүрүн кыйган.

Views
159
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18