09:54, 18 июля 2017, 24.kg

Нарында зыяндуу чегирткелер эгинди жана жайытты каптады

Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айылынын 2,5 гектар жеринде зыяндуу чегирткелер пайда болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Маалыматта, чегирткелер төрт кун мурда айылдын талааларын каптай баштагандыгы айтылат. Алар 22 гектар буудай жана 6 гектар арпа аянтын жок кыла башташкан.

Облустун Жаңы-Арык айыл аймагында 260 гектар, Жумгал айыл аймагында 320 гектар, Баш-Кууганды айыл аймагындагы 480 гектар, Байзак айыл аймагында 380 гектар айдоо жана жайыт аянттарын каптап кетүү коркунучу бар.

ӨКМдин билдирүүсүндө, Куйручук айыл аймагында 1170 гектар айдоо жана жайыт аянттарына уу химикаттарды чачуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Views
213
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18