09:11, 18 июля 2017, 24.kg

Түркмөнстанда «гуленчилер» менен байланышта деген айып менен 40 киши соттолду

Түркмөнстанда түрк оппозициялык кыймылы менен байланышта деген айып менен дагы бир нече жаран соттолду. Өз булактардын кабарлашынча, Лебап облусунун соту кеминде 40 кишиге өкүм чыгарды.
Маалыматтарга караганда, соттолгондордун көбү – түркмөн-түрк лицейинин кызматкерлери жана бүтүрүүчүлөрү. Азаттыктын түркмөн кызматы май айында  «гуленчилер кыймылына»  тиешеси бар деген айып менен 50дөн ашуун киши кармалганын жазган. Өз булак жабык өткөн сотто алар 20 жылга чейин эркинен ажыратылганын ырастоодо.

Быйыл февралда Ашхабад шаардык соту ушундай эле айып менен 18 кишини 25 жылга чейин эркинен ажыраткан. Алардын арасында Түркмөнстандын белгилүү ишкерлери бар.

Башка бир булактын айтымында, тергөө маалында камалгандарга карата кыйноолор колдонулган жана алар күнөөлөрүн моюнга алышкан.

Өз булак аларды  «гуленчилер» менен байланышы бар деп айыптоо жөн гана шылтоо экенин, мындай жол менен Азия оюндарын өткөрүү үчүн бул кишилердин акчаларын тартып алуу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

Views
227
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18