Анара МАМЫТОВА
14:28, 17 июля 2017, 24.kg

ИИМ Чүй проспектин Сталиндин атына өзгөрткөн атуулду суракка чакырды

Бишкек шаардык милициясы Бишкектеги Чүй проспектин Сталиндин атына өзгөрткөн атуулду суракка чакырды. Бул тууралуу Амантур Манапбаев «24.kg» агентигине билдирди.

Анын айтымында, ордо кааланын Свердлов райондук сотунда анын иши каралат. Амантур Манапбаевдин административдик жазага тартылышы күтүлөт. 

«Солчул күчтөр коалициясынын» активистти ага тагылып жаткан айыпты түшүнбөйт. Амантур Манапбаев, шаардык милициянын аракеттерине каршы жаңы акциялар менен жооп берерин билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Чүй проспектинин бир дарегинде «Сталин проспекти» деп аталган тактайча пайда болгон. Мэрия аны алып салган. Бул демилгенин авторлорду интернетте Бишкек шаарындагы башкы көчөгө Сталиндин ысмына өзгөртүү үчүн добуш топтоону башташкан. 

Views
432
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18