14:05, 17 июля 2017, 24.kg

Бишкек шаарынын айрым райондорунда дагы эки күн жарык өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда дагы эки күн жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргызстандын Улуттук электр станциялар» АККсынын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, шаардагы жарык өчүрүүлөр көмөк чордондогу оңдоо жана модернизациялоо иштерине байланыштуу.

Азия өнүгүү банкы бөлгөн 39, 8 миллион доллардык каражатка 106 көмөк чордондо жабдууларды алмаштыруу жана интернет түйүнүнө кошуу жүрүп жатат.

«Азыр интернетке кошуп жатабыз. «Карагачова», «Башкы», «Чүй», «Фрунзе», «Кара-Балта», «Быстровка», «Ала-Арча», «Парковка» көмөн чордондору 523 километрлик интернет зымын улап жатабыз. Биз долбоор бүтсө, көмөк чордон ортосунда байланыш күчөп, башкаруу жеңил болот» - деди  «Кыргызстандын Улуттук электр станциялар» АККсынын Чүй облустук бөлүгүнүн жетекчиси Таалайбек Ибраев. 

Анын айтымында, иш дагы эки күнгө уланат. Андан кийин Бишкек шаарында жарык өчүрүү токтотулат. 

Views
277
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18