08:47, 17 июля 2017, 24.kg

Тажикстанда мектеп ремонту үчүн ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынды

Тажикстанда Билим берүү жана илим министрлиги мектеп ремонту үчүн ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салды. Министрдин буйругу өлкөнүн бардык билим берүү мекемелерине жөнөтүлдү.
Көрсөтмөгө ылайык, ремонт жасоо, эмерек сатып алуу, техникалык кызматкер жана кароолчунун айлыгы, мугалимдерге белек берүү үчүн акча чогултууга тыюу салынды.

Буга чейин Дүйшөмбүнүн мэри Рустам Эмомали мектеп жана бала бакчалардын ремонту үчүн ата-энелерден каражат топтоону токтотууну тапшырган. Мындан ары ремонт иштери бюджеттин эсебинен жасалышы керек.

Маалыматтарга караганда, айрым мектептер жаздан тарта эле ремонт үчүн ата-энелерден акча чогултуп башташкан. Мэрдин катынан кийин алар каражаттарды кайтарып беришүүдө. Ал ортодо кээ бир мектептерде класстык бөлмөлөрдү ремонттоо мугалимдерге жүктөлгөнү айтылууда.
Айрым ата-энелер мектептин ремонтуна жардам берүүгө даяр. Алар бюджеттен бөлүнгөн каражат оңдоп-түзөө иштерине жетпейт деп эсептешет.

Views
409
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18