21:19, 15 июля 2017, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков жаш адистерди мамлекеттик кызматка тартууну сунуштайт

Сооронбай Жээнбеков жаш адистерди мамлекеттик башкаруу органдарына тартуу программасын сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынын XVI съездинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Партиянын атынан президенттикке көрсөтүлгөн талапкердин айтымында, мамлекеттик кызматка, айрыкча анын ортоңку тепкичтерине жаш адистерди тартуу керек.

Photo 37663

«Бүгүн мамлекеттик кызматтын баштапкы тепкичтеринде иштеп жаткан адистер көп. Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен жогорку кызмат орундарда дагы жаштар пайда болду.  Бирок, ошол эле учурда башкаруу аппаратынын орто бөлүгүндө адистер жетишпейт. Тагыраак айтканда район, облус жана мамлекеттик мекемелердин жергиликтүү башкаруу бөлүктөрүндө жаштар жок эсе. Мен так ушул орундарга жаш адистердин тартууга даярмын», - деди ал.

Премьер-министр жакынкы беш жылда мамлекеттик башкаруу кызматындагы адистердин 25 пайызын жаштар түзөрүн белгиледи.

Бүгүн КСДПнын съезди Сооронбай Жээнбековду президенттик талапкер катары  көрсөттү.

Views
246
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18