Анара МАМЫТОВА
16:54, 14 июля 2017, 24.kg

Улутчулдукка айыпталып жаткан Мирлан Ирсалиев кечирим сурады

Улутчулдукка айыпталып жаткан Мирлан Ирсалиев жабырлануучу даарыгер Егор Борисовдон кечирим сурады. Бул тууралуу даарыгер «24.kg» агентигине билдирди.

Анын айтымында, ага кечээ Мирлан Ирсалиев өзү телефон чалып, кечирим сурап, айыбын кантип жууба аларын сураган.

«Менде үй-бүлөсү, балдары бар адамды түрмөгө олтургузайын деген оюм жок. Болгону башкаларга сабак болсун дегенмин. Андыктан Мирланга шаардагы балдар оорууканасына жардам берүүнү сурандым» — деди ал.

Бүгүн алар чогуу барып, № 3 балдар оорууканасына электрокардиограф тартуулашты.

Эскерте кетсек, Мирлан Ирсалиевдин сот жүрүп жатат. Ага улутчулдук айыбы тагылууда. Кылмыш кодекси боюнча 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Photo 37532

Мирлан Ирсалиевге каршы Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын даарыгери Егорь Борисов арыз жазган. Даарыгердин айтымында, жол кырсыгында Мирлан Ирсалиев аны улутуна карай кемсинтип, сабаган.

Views
226
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18