08:25, 14 июля 2017, 24.kg

Петербургдагы өрттөн Өзбекстандын жети жараны каза болду

13-июль күнү түнчүндө Санкт-Петербургдагы кампадан чыккан өрттөн жети киши каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Алардын сөөктөрү кампанын урандыларын тазалоо маалында табылган. Анда тротуарга төшөлө турган таштар өндүрүлгөн.

Тилсиз жоо каптаган жердин жалпы аянты 600 чарчы метрди түзгөнү кабарланууда. Азырынча өрттүн чыгышына эмне себеп болгону аныктала элек. ТАСС каза болгондордун бардыгы тең Өзбекстандын жарандары болгонун билдирүүдө.

Орусиянын Санкт-Петербург боюнча тергөө комитети бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Views
173
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18