Юлия КОСТЕНКО
14:45, 13 июля 2017, 24.kg

КСДП: Ренат Самудинов партиянын жаштар канатынын лидери болуп дайындалган эмес

Ренат Самудинов КСДПнын жаштар канатынын лидери болуп дайындалган эмес. Бул тууралуу партиядан билдиришти.

Алардын айтымында, партияда 2 миңден ашык жаштар борбордо жана аймактарда иш алып барат.

«Бирок, буга чейин жаштар канаты деп партиянын ичинде өзүнчө бөлүм түзүү маселеси каралган эмес. Партия жаштар менен активдүү иш алып барып, аларды башкаруу органдарына аралаштырууга аракет кылат», — дейт КСДП.

Партиянын билдирүүсүндө, Ренат Самудинов 2010-жылы башка саясый уюм түзүп кеткен. Ага карабай КСДПычылар аны кайра кабыл алышкан.

 
Views
222
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18