Анастасия БЕНГАРД
17:19, 12 июля 2017, 24.kg

Кыргызстандагы балдардын 64,2 пайызы гана мектепке барат

Кыргызстанда 1 миллион 160 миң бала мектепке барат. Бул жалпы мектеп курагындагы балдардын 64, 2 пайызын түзөт. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлик жылына үч жолу мектеп окуучуларын каттап, текшерип турат. Акыркы иликтөөлөр 2 миң 345 бала мектепке барбастыгын көрсөткөн. Алардын ичинен 1 миң 116 бала мектепке кайтарылган. 

Маалыматка караганда, жети жашка толгонуна карабай 128 бала ооруусуна байланыштуу, 120 бала  үй-бүлөлүк абалына, 258 бала социалдык жана үйдөгү кыйынчылыктардан улам окуудан баш тарткан.

2016-2017- окуу жылында 15 миң 682 жолу окуучулар мектепке келишкен эмес. Көбүнчө материалдык кыйынчылыктардан улам (9814) сабактан калышат. Андан сырткары, ооруп (2161), иштеп (2556), мугалим жана классташтары менен чатакташкандан кийин дагы балдар мектепке барбай коюушат. 

 

Views
192
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18