09:15, 12 июля 2017, 24.kg

Казакстанда катардагы жарандарга президент болууга бөгөт коюлду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мыйзамдарды Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө тууралоо боюнча документке кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн расмий маалымат каражаттары кабарлашты.
Быйыл Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин иштелип чыккан документке ылайык, катардагы жарандардын президентикке талапкерлигин коюусуна тыюу салынат. Талапкер болууну каалаган жаран мамлекеттик кызматтарда 5 жылдан кем эмес тажрыйбага жана президенттик милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылчу ооруларынын жоктугун ырастаган кагазга ээ болушу шарт.

Ошондой эле башка өзгөртүүлөр менен катар Кылмыш кодексине террорчулук жана оор кылмыштар үчүн жарандыктан ажыратуу боюнча кылмыш жазасынын кошумча түрү дагы киргизилди

Views
214
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18