Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
09:31, 07 июля 2017, 24.kg

Сот «Женго» каймана аттуу Кадырбек Досоновду актады

Милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө айыпталып жаткан «Женго»каймана аттуу Кадырбек Досоновду Кара-Суу райондук соту актады.

Сот 2015-жылдын июнь айында башталган. ИИМдин маалыматында, Досонов уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү.

Буга чейин Жогорку сот таркаткан маалыматта, Досоновго каршы Кылмыш кодексинин кылмыштуу топту уюштуруу, ага катышуу, курал жаракты мыйзамсыз жол менен алып-сатуу, сактоо жана адам өлтүрүү, укук коргоо органын кызматкерине кол салуу беренелери менен иш козголдугу айтылган.

Андан кийин эле кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү. ИИМдин буйрутма адам өлтүрүүлөр жана кылмыштуу топторго каршы күрөгүү бөлүмүнүн жетекчиси Толкунбек Шоноевди 2013-жылдын 11-январында үйүнүн алдынан атып кетишкен.

Views
215
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18