15:02, 06 июля 2017, 24.kg

Би-Би-Синин өзбек кызматынын Ташкенттеги кеңсеси кайра иштеп баштайт

Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын өзбек редакциясы 5-июлда бир нече убакыт тыныгуудан кийин Өзбекстандагы ишмердүүлүгүн калыбына келтирерин билдирди.
Буга байланыштуу Би-Би-Синин өзбек редакциясы Ташкенттеги бюродо иштөө үчүн журналисттерди тандоо боюнча сынак жарыялады. Би-Би-Синин сайтында жарыяланган билдирүүдө темаларды тандай билген, чыгармачылык менен иштеген, ар кыл тармактын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө жөндөмдүү жана чет өлкөлүк иш сапарларга чыгууга даяр журналисттер зарыл экени айтылат. Ташкент бюросунун кабарчысы өзбекстандыктар эле эмес, бүткүл дүйнө угармандары жана окурмандары үчүн кызыктуу окуяларды чагылдырышы керек.

Бюро качан ачылары тууралуу так маалымат жарыялана элек. 2005-жылдагы кандуу Анжиян окуяларынан кийин Би-Би-Си кеңсеси жана “Азаттыктын” өзбек кызматы жабылган. Бул эки батыш ММКсы кесиптик ишмердүүлүгүн чет өлкөлөрдө жүргүзүүгө аргасыз болуп келишкен. Анжиян окуяларынан кийин жаңжалдын расмий версиясын сынга алган журналисттерден тышкары эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү дагы Өзбекстандан куулган.

Views
204
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18