Юлия КОСТЕНКО
14:32, 06 июля 2017, 24.kg

Россия КМШ өлкөлөрүнө Сирияга аскерлерин жөнөтүү сунушу менен кайрылды

Россия КМШ өлкөлөрүнө Сириядагы коопсуз аймактарды күзөтүүгө аскерлерин жөнөтүү сунушу менен кайрылды. Бул тууралуу Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө Россиянын өкүлдөрүнүн жетекчиси Александр Лаврентьев билдирди.

Анын айтымында, сунушту Казакстан  гана эмес КМШнын баардык өлкөлөрүнө жөнөтүлдү.

«Бул милдеттендирүү эмес. Биз сунуш гана киргизип жатабыз. Аскерлер, аскердик полиция бейпилдик орнотуучу күчтөр катары гана тартылат», — деди Александр Лаврентьев.

Эскерте кетсек, Россиянын жана Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары июнь аягында Кыргызстан менен Казакстан аскерлерин Сирияга жөнөтүү сунушун  карап жатканын кабарлашкан. Бул маалыматты кийин ТИМ менен бирге президент Алмазбек Атамбаев дагы четке каккан.  Бирок, ЖККУнун жыйынында Россия бул теманы козгогондугун билдиришкен. 

 

Views
259
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18