10:25, 06 июля 2017, 24.kg

Бишкекте жоголгон кыздар табылды

Бишкекте жоголгон кыздар табылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине алардын апасы Гүлзат Кеңешова билдирди.

Анын айтымында, кыздарды «Таатан» соода түйүнүн жанынан ИИМдин курсанты таап келген. Жети жана беш жаштагы секелек кыздар беш саат көчөдө үйүн издеп жүрүшкөн.

«Көчөдө ойноп жүрүп алыс кетип калышкан. Үйгө карай жолду таппай, адашып кеткен. Жамгырда калып суу болуптур, бирок, абалы жакшы» - деди Гүлзат Кеңешова.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта кыздарды табууга жардам сураган кайрылуу жарыяланган. Кыздар Аламүдүн базарынын жанындагы Гагарин көчөсүнөн жоголушкан. 

 

Views
510
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18