Татьяна КУДРЯВЦЕВА
17:21, 05 июля 2017, 24.kg

Улуттук банк финансалык базарда доллар сатты

Улуттук банк сомдун наркын кармоо үчүн финансалык базарда доллар сатты. Интервенциянын көлөмү -15,5 миллион долларды түздү.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери Улуттук банк алтынчы жолу финансалык базарга аралашып жатат. Жалпысынан 16 миллион 160 миң доллар сатып алынып, 33 миллион, 150 миң доллар сатылган.

Белгилей кетсек, Улуттук банк акыркы жолу апрель айында интервенция жүргүзсө, январь айында гана долларды саткан.

Улуттук банктын бул кадамына акыркы айда тынымсыз өсүп бара жаткан доллардын наркы себеп болду.

Views
195
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18