16:09, 05 июля 2017, 24.kg

Ашхабадда кондиционер менен жабдылган аялдамаларды колдонууга тыюу салынды

Ашхабаддын борбордук көчөлөрүндөгү кондиционерлер менен жабдылган жаңы аялдамалар жабык бойдон турат. Шаар тургундарынын айтымында, транспорт күткөн жүргүнчүлөр аптапта аларды колдоно алышкан жок. Мындай аялдамалар Ашхабадда ондоп саналат, баары тең жабык.


Акыркы жылдары курулган заманбап аялдамаларда кондиционерлерден тышкары телевизор жана табигый гүлдөр дагы бар. Бирок кырк градуска жеткен ысыктан жүргүнчүлөр аялдаманын тышында, же бак-дарактардын көлөкөсүндө коргонууга аргасыз.

«Аялдамалардын курулушуна ири каражат жумшалган. Бирок жүргүнчүлөрдү ал жакка киргизбей жатышат. Анда мындай аялдамалардын эмне кереги бар?» - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Айрым аткаминерлердин айтымында, Азия-2017 оюндарына чейин аялдамаларды жабык кармоо боюнча көрсөтмө берилген. 

Views
195
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18