16:38, 04 июля 2017, 24.kg

Боршайком дагы 34 жалпыга маалымдоо каражатын каттады

Боршайком шайлоонун үгүт иштерин чагылдырууга дагы 34 жалпыга маалымдоо каражатын каттады. Бул тууралуу чечим мекеменин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. 

11 телеканал, беш радио, 13 басылма жана 5 интернет сайтка шайлоо өнөктүгүнө катышууга уруксат берилди. Жумушчу топ дагы 44 медианын арызын карап жатат. Бүгүн ЖМКлардан документтерди кабыл алуу токтотулат. 

«Жумуш күнү бүткөнчө документтерди кабыл алабыз. Баардык ЖМКлар жетишип калат деген ойдобуз», — деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Эскерте кетсек, буга чейин 102 ЖМК катталган. 

Views
193
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18