11:05, 04 июля 2017, 24.kg

Ай башынан бери өлкөдө төрт адам сууга чөктү

Ай башынан бери өлкөдө төрт адам сууга чөктү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

1-июль күнү Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынан Сары-Жон айылына кеткен жолдун боюндагы Чоң Чүй каналына 2002-жылы туулган өспүрүм бала түшүп кеткен. Сөөгү дагы эле табыла элек.

Дагы бир кырсык Аламүдүн районунда 2-июлда катталган. Ленин айылындагы көлмөгө 40–45 жаштагы эркек киши түшүп кетип, көз жумган.

ӨКМдин куткаруучулары 2-июль күнү Москва районунун Беш-Өрүк айылындагы Мусаковский көлмөсүнө чөгүп кеткен 1985-жылы туулган А.М. аттуу жарандын сөөгүн да алып чыгып беришкен.

Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ынтымак айылында Шамалды-Сай каналына 8 жашар бала агып кеткен. Денеси табыла элек.

Views
210
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18