Анастасия БЕНГАРД
09:04, 04 июля 2017, 24.kg

Кыргызстанда үй-бүлөнүн 20 пайызы ала качып курулат

Кыргызстанда үй-бүлөнүн 20 пайызы ала качып курулат. Бул тууралуу Акыйкатчынын «Сот акыйкаттыгынын жеткилиги: негизги маселелер» аттуу баяндамасында айтылат.

Акыйкатчы институтунун билдирүүсүндө, ала качуу айыл жеринде шаарга караганда эки эсе көп.

Иликтөөнүн жыйынтыгында өлкөдөгү аялдардын 60 пайызы, эркектердин 70 пайызы никени диний жөрөлгө катары гана түшүп, аны юридикалык жактан бекемдөөгө маани биришпестиги аныкталган.

Сурамжылоого катышкан жарандардын ар бир алтынчысы нике турууга ылайыктуу куракты так айта алышкан эмес.

Кылмыш Кодексинин 155-беренесине ылайык ала качып үйлөнгөндөр 5–7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Views
200
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18