24.kg
Анара МАМЫТОВА
16:55, 03 июля 2017, 24.kg

Президенттин «Азаттыкка» каршы доосу токтотулду

Президенттин «Азаттыкка» каршы доосу токтотулду. Бүгүн Ленин райондун соту Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, президенттин радио менен соттошпоо чечимин колдоду.

Эскерте кетсек, Башкы прокурор Индира Жолдубаева Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоп «Азаттык» радиосун 10 миллион сомго жана Zanoza.kg сайтын 3 миллион сомго сотко берген.

Кийин президенттин сайтында «Азаттык»  радиосуна каршы арыз кайтарылып алынары маалымдалган. Анын себебин Президент жана Башкы прокуратура дагы так түшүндүрүшкөн эмес.

Анда  «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрге сапары боюнча кабарланган. Ошол эле маалыматты баскан Zanoza.kg сайтына карата доо кайтарылган жок. 

Views
238
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18