24.kg
14:06, 03 июля 2017, 24.kg

Ош шаарында жоголгон кыз табылды

Ош шаарында жоголгон Камила Нургазиева табылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Камила шаардын башка районундагы туугандарыныкында болгон. 

«Оштогу базардан туугандарын көрүп калып ошолордукуна кетип калыптыр. Камила изделип жатканын алар билишпептир» - деди ал. 

Эскерте кетсек, 2007-жылы төрөлгөн Камила Нургазиева 1-июль күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.  Милиция аны эки күн издеген.

 

Views
326
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18