24.kg
Юлия КОСТЕНКО
09:18, 03 июля 2017, 24.kg

Мигранттарга Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берилет

Россидагы мигранттарга Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берилет. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдирет.

Маалыматта, бул маселе мамлекеттик думанын КМШ өлкөлөрү боюнча комитетинде талкууланып жатканы айтылат. Атайын долбоор Россиянын парламентинин төмөнкү палатасына жөнөтүлдү. 

Анда Кыргызстандын жарандары орус тилин жакшы билери жана жол эрежелерин дагы ушул тилде окугандыгы кабарланат. 

Эскерте кетсек, 1-июндан тарта Россия эмгек мигранттарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салган. Бул маселе Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапарында козголгон. 

 

Views
215
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18