24.kg
08:48, 03 июля 2017, 24.kg

Таласта эки журналист сууга агып каза тапты

Таластагы 3-каналдын аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбеков менен журналист Элмира Сүйүтбекова 1-июлда Беш-Таш суусуна агып кетип каза болушту. Аталган каналдын кызматкерлери ишембиде «Беш-Таш» коругуна эс алууга барышкан.

Кесиптештеринин билдиришинче, кечки саат 20:00 чамасында Элмира Сүйүтбекова сууга бетин жууганы барганда буту тайып түшүп кеткен. Сүйүн Өмүрбеков аны куткарууга аракет жасап, артынан сууга түшкөн. Бирок экөө тең агып кетип, кесиптештери 200 метрдей аралыктан кийин чыгарышкан. Экөө тең ооруканага жетпей каза табышкан.

38 жаштагы Элмира Сүйүтбекова КТРКнын Таластагы кабарчысы болуп беш жылдан ашык убакыт иштеген. 2017-жылдын июнь айынан тарта жаңы ачылган жергиликтүү 3-каналда эмгектенип жаткан. Артында төрт баласы калды. 34 жаштагы Сүйүн Өмүрбеков аталган телеканалдын аткаруучу директору кызматында иштеп келген. Маркумдун артында үч баласы калды.

3-канал Таластагы Next TV телеканалынын базасында ачылган.

Views
475
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18