24.kg
13:56, 30 июня 2017, 24.kg

Кыргызстан мусулмандар үчүн эс алууга ыңгайлуу болгон он өлкөнүн катарына кирди

AMEinfo сайты Кыргызстанды мусулмандар үчүн эс алууга ыңгайлуу болгон он өлкөнүн катарына киргизди.

Интернет басылма АКШ айрым мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына өз аймагына кирүүгө бөгөт койгондон кийин саякатчылар пландарын өзгөртүүгө аргасыз болуп жатканын айтат. Андыктан Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жарандары үчүн ыңгайлуу 10 мамлекетти сунуштайт.

Тизмеге Иордания, Малайзия, Сингапур, Араб Эмираты, Марокко, Египет, Катар, Мальдив, Кыргызстан жана Казакстан кирген.

«Кыргызстандын мурдакы совет өлкөсү катары ислам мамлекети экендигине ишенүү кыйын. Бироку, бул мамлекетте туристтерге кызыктуу жайлары көп. Анын бири — Ысык-Көл. Андан сырткары, ак кар баскан тоолору бар» — деп жазылат.

AMEinfo - Жакынкы Чыгыштын маалыматтарын таркатуучу булак болуп саналат. 

 

Views
329
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18