24.kg
Юлия КОСТЕНКО
11:37, 30 июня 2017, 24.kg

Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, төраганын өлкө жетекчилик орду үчүн күрөшүү ниети бар.

Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттары Чыныбай Турсунбековдун КСДП партиясынын курамынан чыгып, шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышарын жазып чыгышкан.

КСДП партиясынын саясый кеңеши президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн. Бирок, анын талапкерлиги азырынча партиянын курултайында карала элек.

Партиядан эки талапкер аттанары боюнча божомолдорго Алмазбек Атамбаев чекит коюп, КСДП бир гана Сооронбай Жээнбековду колдорун айтып, өзү дагы ага ыктарын жашырган эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев, Назаркул Нышанов, Темир Сариев, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Турсунбай Бакир уулу, Камиля Шаршекеева, Бакыт Төрөбаев, Таалатбек Мамасадыков Боршайкомго талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырган.

Views
418
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18