24.kg
10:29, 30 июня 2017, 24.kg

Президентикке ат салышкандардын саны 11ге жетти

Президентикке ат салышкандардын саны 11ге жетти. Алардын тогузу өзүн-өзү көрсөткөндөр, экөө саясый партиянын атынан талапкерлер. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдайт.

29-июнда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана «Дүйнө генералдары тынчтык үчүн» эл аралык бирикмесинин кеңешчиси, Ооганстанда эмгектенген дипломат Таалатбек Мамасадыков документтерин тапшырышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев, Назаркул Нышанов, Темир Сариев, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Турсунбай Бакир уулу, Камиля Шаршекеева Боршайкомго талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырган.

Views
365
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18