24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
17:25, 29 июня 2017, 24.kg

Министрлик ата-энелер тууралуу маалыматты эмнеге топтоп жаткандыгын түшүндүрдү

Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларынын ата-энелери тууралуу маалыматты эмнеге топтоп жаткандыгын түшүндүрдү. Бул тууралуу министр Гүлмира Кудайбердиева бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда маалымдады.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте электрондук базаны толтуруу үчүн маалыматтар топтолуп жатат. Ал 2016-жылы башталган.

«Бул база аркылуу мектепке келбеген балдардын санын так аныктай алабыз. Ата-энелердин макулдугу менен гана топтолот. Өздүк маалыматтарды эч ким окуй албайт», — деди министр.

Эскерте кетсек, мектеп окуучулардын ата-энелеринен аты-жөнү, паспорттук маалыматтары жана жашаган жери тууралуу маалыматтарды сураган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жана нараазычылык жаратты. Айрымдар аны келе жаткан шайлоого байланыштырат. 

Views
236
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18