24.kg
Анастасия БЕНГАРД
14:04, 29 июня 2017, 24.kg

«Боинг-747» учагында президенттин жүгү болгон эмес

Жогорку Кеңештин депутаттык тобу 16-январда Сокулук районунун Дача-СУ айылына кулаган «Боинг-747» учагындагы жүктүн ээсине байланыштуу иликтөөнү жыйынтыктады. Бул тууралуу парламенттин депутаты, комиссиянын мүчөсү Максат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, учактагы жүктүн көөлөмү жана кожоюндары аныкталды.

«Анда дүйнөнүн булуң-бурчунан топтолгон почта бар экен. Кыргызстанда анын бир бөлүгү гана — эки тонна чакмак калмак. Бирок, алар алгач Түркиядагы логистикалык борборго жеткирилип, андан кийин гана Кыргызстанга кайра келмек. Жүк ээлеринин тизмесинде президенттин ысмы жок», — деди Максат Сабиров.

Депутат учак Кыргызстанга май куюу үчүн конмокчу болгонун кошумчалады.

Депутаттык топ өкмөткө кырсыкка байланыштуу иштерди аягына чыгарууну буйруду.

Эскерте кетсек, буга чейин «Боинг-747» учагында президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү уюлдук телефон, кымбат балуу таштар, компьюьтер болгондугу айтылган.

Аба кырсыктан Дача-СУ айылынын 35 тургуну мерт кеткен.

Views
446
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18