24.kg
Анастасия БЕНГАРД
11:57, 29 июня 2017, 24.kg

Эчкемерлерди кармагандарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кызыл китепке киргизилген эчкемерлерди кармагандарга жазаны күчөтүү сунушталууда. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Жаратылыш байлыгы департаментинин бөлүм башчысы Талантбек Турдуматов билдирди.

Анын айтымында, эчкемелерди кармоого эч кимге уруксат берилген эмес. Департаменттин кызматкерлери эки жума мурда Баткенде текшерүү жүргүзүшкөн. 

«Кармагандар кылмыш кодексинин 278 беренеси менен жазаланат. Бирок, айып пул төлөшөт. Айып пулдун өлчөмүн сот аныктайт», — деди Талантбек Турдуматов.

Андан сырткары, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирген зыянды дагы төлөшөт. Учурда бир эчкемер үчүн кеминде 4 миң сом төлөнөт.

«Биз аны 25 миң сомго чейин көбөйтүү сунушун киргиздик», — деди Талантбек Турдуматов

Views
439
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18