24.kg
Анастасия БЕНГАРД
10:27, 29 июня 2017, 24.kg

Кыргызстанда эки жылда 174 бала зордукталган

Жарандык коом парламенттен эс алууга кеткенче бачабаздарга каршы долбоорду кабыл алууну өтүнөт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Демократиялык кыймылдарды иликтөө борборунун жетекчиси Лариса Илибезова билдирди.

Анын айтымында, балдарга карата кылмыштын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

Мыйзам долбоордо жашы жете элек балдардын жыныстык кол тийбестик укугун бузгандыгы үчүн соттолгондорго мунапыс колдонбоо сунушу киргизилген. Андан сырткары, жашы жете электерге каршы кылмышка баргандарга мөөнөтүн өтөп, эркиндикке чыккандан кийин 5 жылга чейин педогогикалык иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Долбоор жашы желе электерге карата кылмыш жасалган болсо, укук коргоо органдарына арыз жазылбаса дагы иш козгоо укугун берет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, 2015–2016-жылдары 174 бала зордукталган. 2017-жылдын үч ай ичинде зордуктоо факты боюнча 18 кылмыш иши козголгон.

«Бул укук коргоо органдарына кайрылган окуялар гана. Канча балдар укугун коргомок түгүл, жакындарына айтпай, айтса дагы алар көз жумуп койгон учурлар кездешет», — дейт Лариса Илибезова.

Views
287
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18