24.kg
12:13, 28 июня 2017, 24.kg

Москвада өзүнүн мекендешин зордуктаган кыргызстандык кармалды

Москвада өзүнүн мекендешин зордуктаган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымдайт.

Маалыматка караганда, 1984-жылы туулган Сузак районунун тургуну Москва шаарында кармалып, камоого алынды. Ал өзүнүн күнөөсүн  мойнуна алган. Учурда зордуктоого катышкан анын эки шериги изделип жатат. 

ИИМдин билдирүүсүндө, кылмыш 23-июнда болгон. 1989-жылы туулган А. А. аттуу кыз жакшы тааныбаган Мелис аттуу жигит менен ооз ачарга барган. Аларга дагы эки жигит кошулуп, кызды токойго алып барып, бирөөсү зордуктап, калганы аны видеого тарткан. Алар кыз укук коргоо органдарына кайрылса видеону жарыялайбыз деп коркутушкан.

ИИМдин Москвадагы өкүлү кызды арыз жазууга көндүрүп, тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кармалды.

 

 

Views
302
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18