24.kg
Анастасия БЕНГАРД
10:54, 28 июня 2017, 24.kg

Жалпы республикалык тестке катышкандардын 55 пайызы 110дон ашык балл алды

Жалпы республикалык тестке катышкандардын 55 пайызы гана 110дон ашык балл ала алышты. Бул тууралуу Билим берүүнүн сапатын жана ыкмаларын балоо борбору маалымдайт.

Тестти 47 миң 523 адам тапшырган. Алардын ичинен 26 миң 103ү 110 жана андан жогору балл алышкан.

Анткен менен бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жогору. 521 киши 200 балл алган.

Эскерте кетсек, 2012-жылдан бери жогорку окуу жайларга Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен кабыл алынат. Алган баллдарына жараша гранттык орундарга бөлүнөт.

Жалпы тесттен кеминде 110, сабактык тексттен кеминде 60 балл алгандар гана университеттеги сынактарга катыша алат. Кабыл алуу 10-июлда башталат.

Views
251
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18