24.kg
Анастасия БЕНГАРД
09:27, 28 июня 2017, 24.kg

Этникалык кыргыздар үчүн университеттерден 75 гранттык орун бөлүнөт

Чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайлардан 75 гранттык орун бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.

Өкмөт 2017–2018-жылга карата мамлекеттик окуу жайлардагы гранттык орундарды коомдук талкууга чыгарды.

Жалпысынан 5 миң 705 студент бюджеттин эсебинен окуй алат.

Ал орундардын 140ы — эл аралык келишимдердин алкагында, 100ү майыптар жана жетимдерге, 40ы 2002-жылы Аксы окуясында, 7-апрелде, 2010-жылдын май жана июнь айларындагы Ош коогалаңында, кайрылман макамына ээ болгондорго берилет. Дагы 50 оурн жалпы республикалык тесттен жогору балл алгандар үчүн бөлүндү.

Мында Билим берүү министрлигине - 4 миң 914, Саламаттыкты сактоо министрлигине - 330, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине -236, ИИМге - 125, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке - 100 гранттык орун берилди.

Views
379
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18