24.kg
Анара МАМЫТОВА
16:59, 27 июня 2017, 24.kg

«Инфоком» эч бир себепсиз 56,5 миллионго товар сатып алган

«Инфоком» эч бир себепсиз 56,5 миллионго товар сатып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитети мамлекеттик каттоо кызматында паспортторду мыйзамсыз берүү жана жасоо факты боюнча маалымат угууда.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, «Типография № 2» ишканасы менен түзүлгөн келишимдин наркы 1 миллион 954 миң россиянын рубли болуп көрсөтүлгөндүгүнө карабай, 58 миллион 846 миң рублга жабдуу жана ага керектүү буюмдар сатылып алынган. Аны менен мамлекеттик каттоо кызматы «Мамлекеттик сатып алуулар» жөнүндөгү мыйзамды бузган.

Ал эми УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызматтын директору Дүйшөнбек Чоткараевдин айтымында, ID -карталардын наркы өздүк баасынан бир топко кымбат аныкталган.

«Инфоком» ишканасынан монополияга каршы саясатты бузгандыгы үчүн мамлекеттин эсебине 32 миллион 996 миң сом кайтарылган.

Views
252
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18