24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
10:10, 27 июня 2017, 24.kg

Президенттик ат салышууга камынгандардын катарына биринчи аял талапкер чыкты

Укук коргоочу Рита Карасартова президенттик шайлоого ат салышат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине ал өзү билдирди.

Рита Карасартова шайлоонун адилеттүү өтөрүнө ишеним артат.

«Жыйынтыгы азырынча чечиле элек деп ойлойм. Эл тандайт. Шайлоо кызуу болот» — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев, Назаркул Нышанов, Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаев Боршайкомго талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырган. БШК он күн ичинде аларды каттооого алышы керек.

Рита Карасартова биринчи жолу шайлоого катышып жатат. 2011-жылкы президенттик шайлоодо аялдардан Токтайым Үмөталиева гана ат салышкан.

Views
279
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18