24.kg
08:51, 27 июня 2017, 24.kg

Анжиянда бензин тартыштыгы жаралды

Анжиянда май куючу станцияларда узун кезек жаралды. Бул тууралуу centralasian порталы маалымдайт.

Бензиндин литрин жергиликтүү алып сатарлар 4,5 миң сумга (0,5 доллардан ашык) сатышууда.

Анжиян облусунун май куюучу станцияларынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, күйүүчу май базадан чектелүү өлчөмдө берилип жатат. Алардын бири жакын арада бензин таптакыр болбой турганын айтып, газга өтүүгө кеңеш берет.

Акыркы жылдары Өзбекстанда бензин тартыштыгы адаттагы көрүнүш болуп калды.

«Узнефтмахсулот» компаниясы бензиндин жетишсиздигин күйүүчү майга болгон суроо-талаптын өскөндүгү менен түшүндүрүүдө. Компаниянын маалыматы боюнча, Өзбекстанда автоунаалардын саны жылына жарым миллионго көбөйүүдө.

Views
208
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18