24.kg
11:40, 23 июня 2017, 24.kg

Казакстан: Аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча эч кандай сүйлөшүү жүргөн жок

Казакстан аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын четке какты. Бул тууралуу Tengrinews.kz агентиги тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановго таянып маалымдайт.

Министрдин билдирүүсүндө, Казакстан Сириядагы согушту токтотууга кызыкдар. Ага Астанадагы Сириядагы эки тарапты жараштыруу үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр күбө. 

«Бирок биз эч ким менен аскерлерди бул өлкөгө жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн жокпуз. Сириядагы төрт аймактын коопсуздугу Астана келишиминде кепилдик алган өлкөлөрдун мойнунда», — деди ал.

Кайрат Абдрахмановдун билдирүүсүндө, 4-5-июлда Астанада Сирия боюнча жыйын өтүп, анда өлкөнүн айрым аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланат.  

Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын жана Түркиянын ЖМКлары Россия Кыргызстан менен Казакстанга аскерлерин Сирияга жөнөтүүнү сунуштаганын кабарлашкан.

 

 

Views
228
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18