24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
09:53, 23 июня 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев жана Рустем Хамитов Путиндин чокусун багындырмакчы

Алмазбек Атамбаев жана Рустем Хамитов Путиндин чокусун багындырмакчы. Бул тууралуу эки өлкөнүн журт башчылары 22-июнда Уфадагы эки тараптуу жолугушуудан кийин журналисттерге билдиришти.

Башкыр президенти Рустем Хамитов кыргыз товарларынын импортун көбөйтүү жана туризм жаатында иш алып баруу керектигин айтты.

«Биз эс алууга Кыргызстанга барышыбыз керек. Биздин альпинисттердин чакан топтору эле бийик чокуларды багындырып жүрүшөт. Мен Алмазбек Шаршенович менен бирге 4 миңдик бийиктикти багындыруу кыялым бар», — деди Рустем Хамитов.

Алмазбек Атамбаев ага Кыргызстандагы Путин чокусун багындырууну сунуштады. Башкыр президенти макул болду.

Эскерте кетсек, 4446 метрлик чокуга 2011-жылы Россиянын президенти Владимир Путиндин ысмы ыйгарылган.

 

Views
189
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18