24.kg
09:04, 23 июня 2017, 24.kg

Россия Кыргызстандан аскерлерин Сирияга жардамга жөнөтүүнү суранат

Кыргызстандын аскерлери Сирияга Россиянын куралдуу күчтөрүнө жардамга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматты Мамлекеттик думанын коргоо комитетинин төрагасы Владимир Шаманов ырастаган.

«Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чечим али кабыл ала элек. Россиянын куралдуу күчтөрүнө Сирияда тартипти орнотууга Казакстан жана Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүзгө жардам берүүнү сунуштайбыз», — деди Владимир Шаманов.

Владимир Шаманов Борбордук Азиянын аскер топтору Сириянын кайсы аймагында иш алып барарын айткан жок. Анын билдирүүсүндө, Түркия дагы бул топко катышып калышы ыктымал.

Белгилей кетүүчү жагдай, жума башында Россия АКШ жана эл аралык коалициянын Сириядагы учактары бутага алынышы мүмкүндүгүн эскерткен. Ага АКШ алардын аскерлери коргонууга укуктуу экендигин айтып жооп берген.

Эскерте кетсек, Коммерсанть гезитинин маалыматында, жыл башынан бери Сирияда 17 аскер каза болгон. Өткөн жылы 30га жакын жоокердин сөөгү мекенине жөнөтүлгөн. 

Айтмакчы, УКМКнын билдирүүсүндө, Сирияда ИМ тарапта 500дөй кыргыз жараны согушууда. 

Views
314
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18