24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
11:40, 22 июня 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын латын алфавитине өтүшүнө каршы

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын латын алфавитине өтүшүнө каршы. Бул тууралуу ал бүгүн Москвада мекендештер менен жолугушуу учурунда суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Президенттин пикиринде, Кыргызстандын кириллицаны сактап калганы туура.

«Алфавитти өзгөрүү керек болсо, анда латын эмес, байыркы кыргыздын жазууларына кайрылган оң« — деди президент.

Эскерте кетсек, латын алфавитине өтүү демилгесин жарандык активисттер, уюмдар жана парламенттин депутаттары көтөрүшкөн. Өзбекстан 1993-жылы латын алфавитине өтүү чечимин кабыл алган. Казакстанда азыр даярдык көрүлүп жатат. Алар 2025-жылдан тарта жазууну толук латын алфавитинде жүргүзүшмөкчү.

Views
219
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18