24.kg
Юлия КОСТЕНКО
11:00, 22 июня 2017, 24.kg

Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү менен жолугушуп туруусуна уруксат берилген жок

Сот Өмүрбек Текебаевдин шайлоо иштери боюнча ыйгарымдуу өкүлү менен жолугушуусуна уруксат берген жок. Бул тууралуу чечим Биринчи май райондук сотунда Айбек Эрнис уулу кабыл алды.

Жактоочу Чынара Жакыпбекованын айтымында, сот мыйзам чегинен чыгып кетти. Шайлоого катышып жаткандан кийин Өмүрбек Текебаевге ыйгарымдуу өкүлү менен жолугушууга уруксат берилиши керек болчу.

Белгилей кетсек, сот бүгүн мурдакы президент Роза Отунбаеваны күбө катары суроого макулдук берди. Ал эми өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди чакыруу сунушу жактырылган жок.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат. Экөөнө бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясы үчүн Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.

Views
196
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18