24.kg
Юлия КОСТЕНКО
10:50, 22 июня 2017, 24.kg

Текебаевдин соту. Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев күбө

Сот 40тай күбөнү суракка алуу сунушун канааттандырды. Алардын арасында мурдакы президент Роза Отунбаева дагы бар. Роза Отунбаева бүгүн сотко келди.

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун сотуна өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди күбө катары чакыруу сунушталган. Бирок, аны сот Айбек Эрнис уулу четке каккан.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат. Экөөнө бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясы үчүн Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.

Views
724
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18