24.kg
Анара МАМЫТОВА
09:27, 22 июня 2017, 24.kg

Милиция «Ак-Кеме» отелин курчоого алды

Милиция «Ак-Кеме» отелин курчоого алды. Мейманкананын президенти Руслан Сарымсоков анын мүлкүн күч менен тартып алып жатышканын айтууда. Мамлекеттик мүлк фондунун билдирүүсүндө, февраль айында өкмөт отелди алардын карамагына өткөрүп берген. Ал чечимге Руслан Сарымсаков баш ийбей келе жатат дешет.

Эртең менен саат 6.00да «Ак-Кеме» отелине Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кирип келишкен.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын күзүндө өткөн эки аукциондо тең «Ак-Кеме» сатылбай калган. Анда Каржы министрлиги мейманкана анын карамагына өткөндүгүн жарыялаган.

Отелдин баштапкы баасы — 955 миллион 805 миң сом. Экинчи сатыкта наркы 10 пайызга арзандаган.

Сот департаментинен «Ак-Кемеден» Каржы министрлигине 452 миллион 487 миң сом өндүрүмү чечими бар экенин айтышты.

Views
256
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18